Биз менен байланышыңыз

Коңурбаева: Айыл чарбада Кыргызстан дүйнөлүк трендден кыйла артта калыптыр

Экономика | 6 Июн 2019 | 1024 | 0

Быйыл Нидерландыда ишкерлердин глобалдуу саммити 9-жолу өткөрүлдү. Анда дүйнө жүзүнөн 2 миңдей катышуучу бар, алар ишкерлер, инвесторлор, окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер. Бул аянтчада ар кыл багытта иш алып барган ишкерлердин инвестор табуусуна да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Иш-чарага “Капитал” бизнес обзорунун башкы редактору Назгүл Коңурбаева да катышкан.

-Дүйнөлүк мамлекеттерден келген ишкерлерди чогулткан саммиттин максаты эмнеде?

-Бир аянтчага чогулуп, адам баласынын алдында турган чакырыктарга чечимдерди бирге кабыл алып, аларды талкуулоо. Бул жерге ар кайсы тармакта иштеген 1200 ишкер келди. Андан тышкары 300дөй инвестор да катышты. Чоң инвестициялык фонддор, Дүйнөлүк банктын эл аралык каржы корпорациясы өндүү бир катар институттар бир аянтчага чогулуп, келишимдер кабыл алына турган аянтча түзүлдү. Айыл чарба, тамак-аш коопсуздугу, суу, саламаттыкты сактоо, кайра иштетүү энергия булактары тармагына басым жасалып жатат. Келген компаниялар менен да таанышып көрдүк. Агро тармагына жасалма интеллектин колдонуп, адамдын ишин азайтып, роботторду иштеп чыккандар бар экен. Фермерлердин ишин жеңилдетип, түшүмдү мол кыла турган технологияларды сунуштаган компаниялар болуп, аларды каржылаганга даяр болгон институттар да чогулду.

-Кыргызстандан өкмөттүн өкүлдөрү да бардыбы?

-Тилекке каршы, кыргызстандык ишкерлер жана өкмөттөн эч ким келген жок. Албетте, бул иш-чара Кыргызстандын шартында да аябай маанилүү. Келип катышып, дүйнөдөгү тренддерди эске алсак жакшы болмок. Агрардык тармакта өнүккөн өлкөлөр менен Кыргызстандагы абалды салыштырганда, айырма аябай чоң экенин байкоого болот.

-Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн кандай пайдалуу тажрыйбалар айтылды?

-Бизде дыйкандар дагы эле эскиче иштеп, жылына эмне өстүрөрүн аныктай албай кыйналышат. Өткөн жылы картошка өстүрүп, аны сата албай кыйналышты. Өстүрүлгөн азык-түлүктү кардарга кантип сатуу жагы да маанилүү. Иш-чарада бул маселени блокчейн аркылуу жөнгө салууну сунуштаган компания болду. Бул Кыргызстан үчүн келечекте ишке кире турган ыкма болушу мүмкүн. Биздин дыйкандар аба ырайынын шартынан кыйналып, түшүмүн мөндүр талкалап, мезгилдердин алмашуусундагы туруксуздуктан зыян тарткан учурлар бар. Жаңы инновациялар, технологиялар климаттын туруктуулугун же ыңгайлуулугун камсыз кылууга киришиптир. Заманбап технологиялардан бизге кошуна өлкөлөр да кабардар болуп, аларды колдоно баштаптыр. Бул жагынан караганда Кыргызстан көп мүмкүнчүлүктөрдөн артта калып жатат. Биз айыл чарбасын кара жумуш катары карап, жогорку билими жок адамдар аркалашы керек болгон тармак катары кабыл алып жатабыз. Бирок дүйнөдө айыл чарба жогору интеллектти, билимди талап кылган тармакка айланыптыр. Айыл чарба тармагындагы сунуштарды инновация багытында иштеген ири компаниялардын берип жатканы буга далил. Көрсө, биз айыл чарба багытында артта калыптырбыз.

Copyright © 2017 Maral FM