Биз менен байланышыңыз

Абдраимов: Кабарчы кыздан кечирим суроого даярмын

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 632 | 0

«Кебетең жакпай калды деп айткан кабарчы кыздан журналист катары эмес, кыз катары кечирим суроого даярмын». Мындай пикирин Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов «Азаттык» радиосунун түз эфиринде маек куруп жатып айтты.

Ал мындан ары массалык маалымат каражаттарына интервью берүүдөн качарын да кошумчалап, негизи эле коомдук адам эмесмин деди.

Эске салсак, 6-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Орок айылында чыр чыккан жерде окуя боюнча Ала-Тоо-24 каналына маалымат берип жатып башка журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Анын себебин сураганда, журналистке кайрылып «сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен» деп каткырып басып кеткен. Буга байланыштуу өкүлчүлүктүн имаратынын алдына журналисттер барып, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Ошондой эле, социалдык тармактарда да Абдраимовдун кетишин талап кылган билдирүүлөр жарыяланып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM