Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Абдраимов 7444 депутаттан мыйзамсыз акча чогулткан

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 3129 | 0

Мамлекеттик кызматка киришкен кызматкерлер мыйзамдарды кынтыксыз аткарышы керек. Анткени, алар коомдук-саясий ишке киришкен соң, мамлекеттин көзөмөлүндө болушат. Мындай пикирин «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, күнөөсүн мойнуна албай, жоопкерчиликтен качуу бул – текеберчилик, теңине албастык.

— Мындай окуя 2012-жылы да болгон. Туйгунаалы Абдраимов 7444 жергиликтүү депутаттан төш белги үчүн деп мыйзамсыз акча чогулткан. Анын акчасына 5 миллион сомдук кызматтык унаа сатып алган. Ошондо ал: «БШКнын төрагасы болуп туруп, Волга айдаймынбы? Джип айдашым керек», — деп чыккан. Мамлекеттик кызматка келгенден кийин ким болсо да, эл алдында жооп берүүгө милдеттүү.

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районундагы окуя тууралуу сураган журналистти келекелеген видеосу тараган. Анда Абдраимов журналистке «келбетиңиз мага жакпай турат, ошого жооп бербейм» деп жооп кайтарган. Буга байланыштуу журналисттер 6-июнда Чүй облустук администрациясына митингге да чогулушту. Өкмөттүн өкүлү айткан сөзү үчүн кечирим сурабай турганын билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча билдирүү жасап, болгон окуяга өкүнгөнүн, Абдраимовдун аракетине баа берилерин кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM