Биз менен байланышыңыз

Аспеков: Президенттен Абдраимовго чара көрүүсүн өтүнөм

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 615 | 0

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовго чара көрүү үчүн президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасалды. Мындай кайрылууну «Мекенчил» партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков «Марал» радиосунун түз эфиринде жолдоду. Анда ал Абдраимовду премьер-министр кызматтан албаса, өзүнүн атына да нааразычылыктар көбөйөрүн айтты.

Аспеков өзүнө карата ар кандай жалаа жабылып же иш козгоолор болсо, муну Туйгунаалы Абдраимовдон деп билерин да эскертти.

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районундагы окуя тууралуу сураган журналистти келекелеген видеосу тараган. Анда Абдраимов журналистке «келбетиңиз мага жакпай турат, ошого жооп бербейм» деп жооп кайтарган. Буга байланыштуу журналисттер 6-июнда Чүй облустук администрациясына митингге да чогулушту. Өкмөттүн өкүлү айткан сөзү үчүн кечирим сурабай турганын билдирди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча билдирүү жасап, болгон окуяга өкүнгөнүн, Абдраимовдун аракетине баа берилерин кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM