Биз менен байланышыңыз

Журналисттин «кебетесин жактырбаган» чиновниктин отставкасы талап кылынууда

Саясат | 6 Июн 2019 | 876 | 1

КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун Ороктогу кырдаалды чагылдырып жаткан журналистке жасаган мамилеси экинчи чоң маселеге айланды. Андагы Өкмөттүн өкүлүнүн орой пикири социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, нааразычылык жаратып, кызматынан бошотулсун деп чыккандар да болду. Аны утурлай, бир катар активисттер, журналисттер өзүнөн жооп алуу үчүн Чүй облустук администрациясына да барышты. Ал арада өкмөт башчынын маалымат кызматы окуянын чоо-жайы толугу менен изилденип чыккан соң, баа бериле тургандыгын маалымдады.

Миллион чамалуу калкы бар Чүй облусун жетектеген Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке берген жообу кызуу талкууга алынды. Чиновниктин орой жообунан кийин журналистке тилектештик көрсөткөн ар бир кесиптеши: «Мен журналистмин, менин жүзүм мага жагат, мага бийликтин жүзү жакпайт» деген билдирүүлөрдү таркатып, мамлекеттик кызматкер болуп туруп, мындай мамиле кылуусу мыйзам бузгандык дешүүдө. Бирок облус жетекчиси бул кылганына өкүнбөйт. Орой мамиле жасаганы үчүн кечирим сурагысы келбейт.

— Мен өкүнбөйм. Кечирим да сурабайм. Журналист кыз мага кандай өңүттө, кандай үн менен суроо берсе, мен да өзүнө жараша жооп бердим.

Ал арада Өкмөт башчы бул окуяны толугу менен иликтеп бүткөн соң, баа берилерин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгуловдун берген маалыматына ылайык, мындай окуя бардык аткаруу бийлигине көө жаап жатканын Өкмөт башчы билдирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке жасаган мамилесине өкүнүүнү билдирет. Себеби, мындай окуя бардык аткаруу бийлигине көө жаап жатат. Өкмөт башчы мамлекеттик орган жетекчилеринен ар дайым ачык-айкын иштөөнү талап кылат. Ал дайыма ушундай жол менен гана жарандардын бийликке жана анын кабыл алган чечимдерине болгон элдин ишенимин жогорулатууга мүмкүн экенин көрсөтүп келет. Ошондой эле, Абдраимовдун аракеттерине окуянын чоо-жайын толугу менен изилдеп чыккан соң, баа берүү маселесин карайт.

«Мекенчил» партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков: «Облус жетекчисинин бул кылганы туура эмес», — деп, президентке кайрылуу жасады. «Эгерде журналист арыз жазса, Туйгуналы Абдраимовго кылмыш иши козголушу керек», — дейт. Абдраимовду премьер-министр кызматтан албаса, өзүнүн атына да нааразычылыктар көбөйөрүн айтты.

— Расмий түрдө кечирим сурасын. Ээлеген кызматынан токтоосуз бошотулсун. Үчүнчүдөн, ошол кызга моралдык компенсация төлөшү керек. Ал эми биз ага кылмыш ишинин козголушун талап кылып жатабыз.

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов облус жетекчисинин кылган мамилесин жалпы өкмөткө кетирген доо катары эсептейт. Анын бул мамилеси мыйзам бузууга жатат. Акыркы кабыл алынган кодекстерге ылайык, аны кызматтан четтетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Бул жалпы өкмөттүк түзүмгө кетирген доо деп эсептейм. Мыйзамдык жактан караганда, жаңы кабыл алынган кодекстерге ылайык, аны кызматынан бошотууга болот. Маселен, 50-беренеде так айтылган. Мындай мамлекеттик кызматкерлерди 1 жылдан 2 жылга чейин мамлекет кызматтан четтетсе болот, же 300 миңден 600 миң сомго чейинки айып пулга жыкса болот.

«Ал эми сөз эркиндиги жагынан алып караганда, мамлекеттик кызматкер катары бөлүп-жаруусу туура эмес», — дейт «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов. Журналисттердин кесиптик укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарга шилтеме берип, төмөндөгүчө баа берет:

— Мамлекеттик кызматкер мыйзамдын негизинде ар бир журналисттин суроосуна кыска-нуска болсо да, так жооп бериши керек. Анткени, «Журналисттердин кесиптик укутарын коргоо жөнүндө» мыйзамдын 4-5-беренелеринде баары даана айтылган. Коомчулуктун кызыгуусун туудурган маалыматтарды мамлекеттик органдын кызматкери катары жооп бериши керек болчу.

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун Сокулук районундагы окуя тууралуу сураган журналистти келекелеген видеосу тараган.

Copyright © 2017 Maral FM