Биз менен байланышыңыз

Абдраимов: Бир ооз сөз үчүн отставкага кетпейм

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 1278 | 0

Бир ооз сөз үчүн отставкага кетпейм. Бул тууралуу Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов «Азаттык» радиосунун түз эфиринде маек куруп жатып айтты. Ал отставкага кетүүсү тууралуу коюлуп жаткан талаптар жалпы коомчулуктун оюн билдирбейт деп эсептейт.

Ошондой эле келбетин жактырбаган кабарчы кыздан кечирим суроого даяр экенин да кошумчалады.

Абдраимов премьер-министр менен жолуга электигин, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүнүн аракетине баа берери тууралуу айтканы өкмөт башчынын жеке пикири экенин айтты.

Ошондой эле, журналисттер арасында чагымчылдар да бар экенин, алардын аты-жөнүн да билерин ачыктады. Журналисттердин укугун коргоо беренесин буздум деп эсептебей турганын, кабарчы кыздын ар намысына шек келтирбегенин, өңү жакпаган үчүн гана басып кеткенин билдирди.

Эске салсак, 6-июнда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Орокто чыр чыккан жерде окуя боюнча Ала-Тоо-24 каналына маалымат берип жатып башка журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Анын себебин сураганда, журналистке кайрылып «сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен» деп каткырып басып кеткен. Буга байланыштуу өкүлчүлүктүн имаратынын алдына журналисттер барып, түшүндүрмө беришин, кызматтан кетишин талап кылышты.

Журналисттин «кебетесин жактырбаган» чиновниктин отставкасы талап кылынууда

Copyright © 2017 Maral FM