Биз менен байланышыңыз

УКМК мыйзамсыз киреше табуудагы туруктуу схемага бөгөт койду

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 375 | 0

Кыргызстандын аймагынан мыйзамсыз киреше тапкан чет элдик жарандар тарабынан чет элдик банкты жана эл аралык төлөө системасын колдонуу менен уюштурулган жана жетектелген туруктуу схема аныкталды.

Окуя 3-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн алдоо жолу менен алынган кылмыштык кирешени мыйзамдаштырууга каршы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында ачыкталды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Такталгандай, 2015-жылы белгиленген «Кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамга карабастан, «Т» конторасынын өкүлдөрү коммерциялык банктардын, төлөө терминалдарынын жана эл аралык электрондук төлөмдөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, өздөрүнүн мыйзамсыз кирешесин мыйзамдаштыруу үчүн «Э» ЖЧКсын түзгөн. Андан маалыматтык-телекоммуникациялык каражаттардын жардамы менен спорттук оюндардын жыйынтыктары боюнча коом катары төлөмдөрдү алып турган.

Ошентип, мындай жол менен табылган мыйзамсыз кирешелер чет өлкөлүк банктардын жана чет элдик төлөм системасынын эсебине чыгарылган.

Сотко чейинки өндүрүш боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында 35,7 млн. сом жана 31,1 миң АКШ доллар эсебиндеги акча каражаты алынды.

Мындан тышкары, 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин бул компания өлкөнүн сыртында жайгашкан чет элдик банктарга 1 млрд. сомдон ашык акча каражаттарын которгон.

Азыркы убакта «Э» ЖЧКсынын жетекчиси чет элдик жаран Ю. А. кармалып, УКМКнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM