Биз менен байланышыңыз

ЖЭБдеги коррупция боюнча шектүүлөр 12-августка чейин камакта калат

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 429 | 0

Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштер боюнча соттолуп жатышкан экс-премьер-министр Сапар Исаков, мурдагы Энергетика министри жана экс-депутат Осмонбек Артыкбаев жана «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов 12-августка чейин камакта калат. Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту кечээ кечинде чыгарды.

Айыпталуучулардын жактоочулары Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, мындай арыз Конституциялык палатада каралып жатканда, кылмыш иши убактылуу токтотуларын айтышып, кылмышка шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу, баш коргоо чараларын өзгөртүү боюнча өтүнүшкөн. Бул өтүнүч сот тарабынан четке кагылды.

Copyright © 2017 Maral FM