Биз менен байланышыңыз

Садалиев: Орок айылында абал тынч

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июн 2019 | 632 | 0

Орок айылында абал тынч. Бул тууралуу Сокулук районунун акиминин орун басары Улан Садалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Орок айылындагы аксакалдардын чогулушу болуп, тургундар биримдикке келишкен.

«Орок көп улуттуу айылда болгондуктан, көзөмөлгө алышыбыз керек. Орокто 840 түрк улутунун өкүлү, 950дөн ашык кыргыз улутундагы жаран бар. Ал эми Сокулук районунда 70тен ашуун улуттун өкүлү жашайт», — дейт Садалиев.

Ал эми Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Орок айылында кырдаал колго алынып, жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM