Биз менен байланышыңыз

Айтматовду эскерүү күнү өтөт

10-июнда Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көзү өткөн күнүнө карата эскерүү иш-чарасы уюштурулат. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, эскерүү алгач Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги Айтматовдун эстелигине гүл коюу менен башталат. Андан соң саат 10:30да Токомбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Айтматовдун портрети тартылган үйдүн алдында «Биринчи мугалим» чыгармасынан үзүндү көрсөтүлөт. Мындан тышкары, саат 11:15те Улуттук илимдер академиясынын башкы имаратынын алдында Чыңгыз Айтматовдун эскерүү тактасы орнотулат.

Иш-чарага маданият жана искусство кызматкерлери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле, жазуучунун карындашы Роза Айтматова жана уулу Эльдар Айтматов катышары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM