Биз менен байланышыңыз

Балдар оюндарынын кербени бардык облуста өтөт

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 423 | 0

Бүгүн, 6-июнда «Балдар оюндарынын кербени» өнөктүгү Ош шаарында  башталды. Бир айга белгиленген өнөктүктүн алкагында 7 облусту, анын ичинен 20 шаарды кыдырышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өнөктүк долбоордун негизинде спорттун 25 түрүнөн оюндар ойнотулуп,  М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры «Керемет көч» аттуу мультфильминин каармандарынан алынган «Туулган күн» спектаклин көрсөтөт.

Оюндун максаты балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамилени улуттук оюндар аркылуу тереңдетүү, Кыргызстанда жашаган улутардын спорттук оюндарын балдар арасында жайылтуу, жаш муунга улуттук баалуулуктарды таанытуу болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM