Биз менен байланышыңыз

Алиаскар Токтаналиевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 408 | 0

Бүгүн, 6-июнда Алиаскар Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык академиясынын алдына коюлган Алиаскар Токтоналиевдин эстелигинин ачылыш болду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аталган инсандын 90 жылдыгына карата уюштурулган. Иш-чара академиянын жыйындар залында анын урматына арналган эскерүү менен уланды.

 1960-жылы Алиаскар Токтоналиев Кыргыз ССРинин финансы министри болуп дайындалган. Бул кызматта 25 жыл бою алмаштырылбай иштеп, Алиаскар Токтоналиев Кыргыз ССРинин финансы-экономикалык тутумун өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө зор салым кошкон.

Бул мезгилде Кыргыз ССРинин Финансы министрлиги дээрлик жыл сайын СССР Финансы министринин Өтмө Кызыл Туусу менен сыйланып турган.

 

Copyright © 2017 Maral FM