Биз менен байланышыңыз

Молдалиев: Чагымчылыкка алдырсак, эл эле утулат

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 621 | 0

Орок жана Жаңы-Жерде этникалык чыр чыкты деген туура эмес. Мындай пикирин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын белгилешинче, жаштардын кылганы туура эмес жана аларга жасалган тарбиялык иштер жетишсиз болуп жатат. Андан тышкары, социалдык тармак аркылуу окуя боюнча бир тараптуу маалымат таралып, чагымчылдыкка чакырык таштала баштаганын кошумчалады.

— Буга чейинки тажырыйбабыздан да билебиз. Мындай окуялар эч кимге пайда алып келбейт. Жаңжалда эл эле утулат. Этникалык, диний багыттан туруктуулукка шек келтирүүнү көздөгөн адамдар да, сырткы күчтөр да бар. Борбордук Азия өлкөлөрүнө конфликтти пайда кылып, ШКУ саммитинин алдында башаламандык чыгарууну көздөгөндөр да жок эмес.

Молдалиев бул окуяны чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынан да катачылык кеткенин айтып, этият болууга чакырды.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү 3 жаран урушуп, экөөсү бир өспүрүмдү сабап койгон. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. Учурда абалы туруктуу. Ал эми кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган. Алынган маалыматтар боюнча, өспүрүм баланын жакындары нааразычылык билдирип, мыйзамга каршы аракеттерге барышкан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланган.

Окуя болгон жерде күч органдары абалды курчутпоо аракетин көрүп жатышканы да кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM