Биз менен байланышыңыз

Туйгунаалы Абдраимов айрым журналисттерди чагымчыл деп айыптады

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 567 | 0

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйын бүтө электе залдан чыгып кетти. Мындай көрүнүш бүгүн Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылган журналисттер менен жолугушууда болду.

Туйгунаалы Абдраимов ошондой эле, айрым журналисттерди түрткүлөп, айрымдарынын суроолоруна жооп бергенден таптакыр баш тартты. Атын атабаганы менен айрым журналисттерди «акча алып, чагымчылдык кылып жатат» деп айыптады. Мындан сырткары, акцияны демилгелегендердин бири Мелис Аспековду эл бузар деп атады. Аны камакка алынганын, дагы ошондой болушу мүмкүн экенин эскертти.

Акциянын катышуучулары Туйгунаалы Абдраимовдун бул кадамын коркутуу катары сыпатташууда.

Copyright © 2017 Maral FM