Биз менен байланышыңыз

АКШ өлкөдөгү кытайлык журналисттердин санын кыскартат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Мар 2020 | 715 | 0

АКШнын мамлекеттик департаменти Кошмо Штаттарында иштеп жаткан кытайлык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин санын кескин түрдө кыскартуу чечимин жарыялады.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео бул кадамды Кытайдагы америкалык ММКлардын кызматкерлерине болгон кысым, катаал тартип жана коркутуулар менен түшүндүрдү.

«Бизге кандай мамиле жасалса, ошондой жооп болот. Башка жакта болуп жаткан америка-кытай мамилеси сыяктуу бирдей шарт түзүү аракетиндебиз. Бул кадам Пекин Кытайдагы чет элдик прессаларга карата жасаган мамилеси тууралуу ойлонуп көрүүгө түртөт деген үмүттөбүз»,- деп айтылат Помпеонун билдирүүсүндө.

Мамлекеттик департаменттин жарлыгына ылайык, 13-марттан тарта Америкадагы кытайлык ММКларда кызматкерлердин саны 160тан 100гө чейин кыскартылмакчы.

«Синьхуа» агенттиги 59 кызматкерге чейин ала алат, China Global Television Network телеканалы — 30, China Daily англис тилдүү гезити — 9, эл аралык Кытай радиосу — 2 кызматкерге чейин гана ала алат.

Пекин февраль айында Кытайдагы америкалык «The Wall Street Journal» басылмасынын 3 журналистин «Кытай — Азиядагы накта оорулуу» деген макаласы үчүн аккредитациядан ажыраткан.

Пекин менен Вашингтондун чыңалган мамилесинин айынан бир макаласы үчүн кызматынан кетирген учурлар буга чейин да болгон. Акыркы жагдай алардын макаласынан да, андан мурда АКШ кытайлык басылмаларга жасаган кысымына карата жооп болгондой. Мурдараак АКШ Кытайдын беш маалымат каражатын чет элдик агент деп тааныган. Бул чечим алардын ишине тоскоолдук жаратпайт. Бирок редакциялар кызматка жаңы кабарчы аларда жана мүлк сатып алууда АКШ бийлигин кабардар кылып турууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM