Биз менен байланышыңыз

Жүздөн ашуун ишкана өндүрүмдөрүн Орусия менен Казакстанга сата алат

Кыска кабар | 10 Фев 2020 | 564 | 0

102 ата мекендик ишканалардын өндүргөн өндүрүмдөрүн ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына сатуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Ишканалардын реестрине кирди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бирдиктүү реестрге аккредитациядан өткөн мамлекеттик органдардан Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоосу боюнча 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы кирди.

Евразия экономикалык биримдигинин кабыл алынган техникалык регламентинин 48и сертифиткациясы боюнча лабораториялар жана органдар ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү.

 Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитациядан өттү.

Copyright © 2017 Maral FM