Биз менен байланышыңыз

АКШ-Кытай соода согушунда ким утулду?

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 636 | 0

АКШ ири соода согушуна тыныгуу жарыялады. Ошондой эле, америкалык экономисттер Кытай менен болгон тирешүүдөгү чыгымдарды эсептеп чыкты. Натыйжада, Кытайга каршы тирешкени менен, бул иште америкалыктар өздөрү көбүрөөк жабыркап калганын айтып чыгышты.

Экономисттер белгилегендей, алар соода согушунда миллиарддаган доллар чыгымга учураган. Бул акыркы эсеп эместигин да эскертишкен.

Соода согушунун жыйынтыгын чыгарган экономисттер Трамптын санкциялары максатына жетпегенин айтышууда. Алар белгилегендей, Кытай менен тирешүүдөн америкалык колдонуучулар менен жеке ишкерлер көбүрөк жапа чеккен.

АКШ президенти Дональд Трамптын президенттик мөөнөтүндөгү эң башкы согушу болгон соода тирешүүсүнө чекит коё турган элдешүүгө кадам ташталды. Вице-премьер министри Лю Хэ жетектеген Кытай делегациясы АКШ-Кытай соода келишиминин алгачкы фазасындагы макулдашууларга кол коюу үчүн Вашингтонго келди. Алгач бажы салыктары арзандап, эки тараптуу сатып алуулардын көлөмү көбөйтүлөт.

Буга чейин Трамп соода келишими 2 же 3 фазадан турарын билдирген.

Эки державанын соода согушу өздөрүнө эле эмес, дүйнө экономикасына да залакасын тийгизди. Тагыраак айтканда, чыгым 700 млрд долларды чапчып, андан сырткары, дүйнөдө жакыр өлкөлөрдүн көбөйүүсүнө жол ачты деген пикирлер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM