Биз менен байланышыңыз

АКШ менен Кытай соода ишин жандандырат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 584 | 0

АКШ менен Кытай келерки жумадан баштап, соода тармагында сүйлөшүүлөрүн жандантат. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамптын экономикалык кеңешчиси Ларри Кадлоу билдирди.

Келерки жума сүйлөшүүлөр болорун айтканы менен так күнүн айткан эмес. Ошондой эле, Кадлоу АКШ бажы салыктарын азайтарын белгилеп, Кытай да ири көлөмдөгү Америка товарларын сатып алып, өз ишин аткарат болуш керек деген оюн билдирген.

Эки өлкөнүн келишими май айында токтогон.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин, Осакада өткөн «Чоң-20» саммитинде болгон жолугушуунун натыйжасында соода тармагындагы сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу чечимине келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM