Биз менен байланышыңыз

Кытай: АКШ менен «соода согушун» жеңгенге чейин тирешебиз

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2019 | 666 | 0

Эгерде АКШ «соода согушун» улантууну кааласа, анда Кытай жеңиш менен аяктаганга чейин күрөшөт. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министри Гэн Шуан билдиргенин РИА новости маалымат булагы жазып чыкты.

«Буга чейинки тажрыйба Кытайдын «соода согушун» каалабаганына күбө, бирок андан коркпойт дагы. Эгерде кимдир-бирөө босогобузда согуш баштаса, биз утканга чейин тирешебиз», — деди Гэн Шуан.

Андан сырткары, АКШ президенти Дональд Трампка кытай товарларына болгон кошумча импорттук салыктарды киргизүүсү боюнча коркутуучу пикирин билдирип өттү. Кытай өкүлү Америка Кытайдын бардык учурга даяр экенин байкап, обьективдүү чечим кабыл алат деген үмүттө экенин айткан. Кытай менен АКШ дүйнөдө экономикасы ири алдыңкы эки өлкө. АКШнын Соода департаментинин расмий көрсөткүчтөрүнө караганда, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытайдын АКШга жөнөткөн экспорту 505,5 миллиард долларды түзсө, америкалык товарлардын экспорту 155 миллиард доллар болгон.

Copyright © 2017 Maral FM