Биз менен байланышыңыз

АКШ ишкерлери Трампты сотко берет

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 751 | 0

АКШнын ишкерлери президент Дональд Трампты жана анын Аппаратын сотко берүүгө камданышууда. Бул тууралуу жергиликтүү CNBC телеканалы кабарлады.

Алардын мындай чечимге келишине АКШ бийлигинин Европа биримдиги менен Кытай мамлекетине болгон соода согушу себеп болгон. Ишкерлердин айтымында, бул согуш АКШнын каржысына олуттуу зыян алып келүүдө. Мындан улам, АКШ Соода министрлигинин адвокаттары сотко керектүү документтерди топтоого өтүшкөн.

Ошондой эле, АКШнын Финансы министри Стивен Мнучин жана Трамптын соода иштери боюнча кеңешчиси Роберт Лайтхайзер да жакын арада каршылык жыйын өткөрүүгө убада беришкен.

Эске салсак, буга чейин АКШ бийлиги Мексика өлкөсүн мыйзамсыз мигранттар менен күрөшпөй жатат жеп айыптап, жагдай ушул бойдон улана берсе, октябрь айынан тарта бажы төлөмүн 5 пайызга көтөрөрүн эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM