Биз менен байланышыңыз

Индия менен АКШнын ортосунда соода согушу жүрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 595 | 0

Индия АКШдан келчү 28 товарга кошумча салыктарды киргизди. Бул тууралуу «Gazette of India» укуктук маалымат басылмасы жазды.

Салыктар кечээ, 16-июндан баштап ишке кирди. Айрыкча, миндаль, алма жана грек жаңгактарына салык салынган.

Буга чейин, АКШ президенти Дональд Трамп преференциялардын башкы системасынын алкагында Индия жана Түркияны соода жеңилдиктеринен ажыратууну чечкен. АКШ президенти мунун себебин Индиянын өндүрүмдөрүнүн талаптарга жооп бербегени жана Түркиянын экономикалык деңгээли мурдагыдай болбой калганы менен түшүндүргөн.

Индия менен Америка кошумча бажы салыктарын киргизүүнү былтыркы жылы баштаган. Трамп Индиянын алюминий товарларына салык киргизген соң, Индия ага жооп кылып 30 америкалык товарга салык көлөмүн чоңойткон.

Ошондой эле, АКШда Кытай жана Орусия өлкөлөрү менен соода согушу жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM