Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-индус форуму өтөт

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 466 | 0

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуп, тар чөйрөдө жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Иш сапардын алкагында 20дан ашык документке кол коюлат. Аны менен катар кыргыз-индус форуму өтөт. Анын жыйынтыгында декларация кабыл алынат.

Эки өлкөнүн бул расмий жолугушуусу 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына пландалганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM