Биз менен байланышыңыз

Оор жүк ташуучу унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөө киргизилет

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 588 | 0

Кыргызстанда 1-сентябрга чейин оор жүк ташуучу унааларга эртең мененки саат 9дан кечки саат 8ге чейинки аралыкта жолдо жүрүүгө тыюу салынат. Атайын буйрук Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан чыгарылганын министрликтин маалымат катчысы Бегайым Канат кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр күндүзгү температура 28 градустан жогору болгон учурда киргизилет.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында жалпы салмагы 25 тоннаны түзгөн оор жүк ташуучу унаалар жолдо жүрө албайт.

Чектөөлөр жүргүнчү ташыган, гуманитардык жардамдарды жеткирген унааларга, ошондой эле, уруксат берилген жүктөрдү ташуучу жана аталган министрликке тиешелүү жол оңдоочу унааларга тиешелүү эмес.

Министрлик мындай кадам унаа жолдорун сапаттуу пайдалануунун мөөнөтүн узартарын белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM