Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдор абитуриенттерди качан кабыл алып баштайт?

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 663 | 0

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу боюнча июль айынын биринчи жумасында атайын графиктер бекитилет. Анын негизинде республикадагы бардык ЖОЖдордо бирдей график менен гранттык комиссия башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, гранттык комиссия 3 турда уюштурулат. Ар бир турга 2 күндөн убакыт берилет. Ага удаа эле контракттык негиздер боюнча да кабыл алуу башталат.

«Гранттык комиссияга катышуу үчүн ЖРТнын негизги упайы 110, ал эми предметтик тесттер 60 упайдан жогору болушу зарыл. Абитуриент ар бир университеттин сайтынан сынактын абалын көзөмөлдөп, тиешелүү багытка сертификат таштайт. Гранттык комиссиянын чечими чыга электе эле сайтта университетке өтүү мүмкүнчүлүгү болжолдуу белгиленип турат. Абитуриент контракттык жана гранттык орунга талондорун бир эле учурда таштоого укуктуу», — дейт Кожошев.

Анын билдиргенине караганда, талаш учурларда «Кыргызтесттин» сертификатына ээ абитуриенттерге артыкчылык берилет.

Белгилей кетсек, өлкөдө жалпы 63 ЖОЖ бар, анын 31и мамлекеттик окуу жай.

Copyright © 2017 Maral FM