Биз менен байланышыңыз

ЖРТга 2 жолу катышып, экөөсүндө тең «Алтын сертификат» алган абитуриенттер

Блог | 30 Июл 2020 | 2264 | 0

28-июлда “Алтын сертификаттарды” тапшыруу аземине 23 жаштагы Умиджан Идрисов жана 18 жаштагы Сабырбек Маликов катышты. Алар быйыл экинчи жолу ушул сыйлыкка ээ болду. Жогорудагы ийгиликтүү абитуриенттер – Кадамжай районундагы «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүлөрү. Умиджан 2014, 2020-жылы, ал эми Сабырбек 2019, 2020-жылдары ЖРТга катышып, «Алтын сертификатка» ээ болгон. Биз алар менен ийгилиги тууралуу маек курдук.

-Алгачкы жолу “Алтын сертификатка” ээ болгонуңуздагы сезимдериңизди айтып берсеңиз.

Сабырбек Маликов: Былтыр аябай сүйүнүп, кубандым. Быйыл болсо анча деле кубанган жокмун, себеби 224 балл алып калдым. Өзүм негизи 230дан жогору балл күтүп жаткам. Үйдөгүлөргө кабарлаганда, ата-энем аябай кубанып куттуктап баштады.

Сабырбек Маликов президент Сооронбай Жээнбековдон «Алтын сертификат» алып жаткан учуру. 2020-жыл

-Быйыл дагы “Алтын сертификат” алам деп ойлодуңуз беле?

Сабырбек Маликов: Негизинен мен ЖРТга 20 күн калганда даярданып баштадым. Биринчи сыноо сынагын тапшырганда 172 алдым, ошондо «Алтын сертификат» алышыма күмөн санап калгам. Бирок дагы да аракет кылып, сыноо тесттерине кайрадан кирип, баллдарым жогорулай баштады. Ошондо гана «Алтын сертификат» алат болушум керек деп аябай күткөм.

-Эмне себептен быйыл экинчи жолу ЖРТ тапшырдыңыз?

Сабырбек Маликов: Былтыр “Алтын сертификатым” менен АУЦАга “Кинематография” бөлүмүнө бюджетке өттүм. Ал жакта бир жылдай окуп, ошол жактын атмосферасына көнө албай, башка университеттерди караштырып, маалымат топтоп жүрдүм. Анан досторум дагы көбүнчө «Манас» университетинде окугандарына байланыштуу, мен дагы ошол жакка которулуп, мен каалаган журналистика бөлүмүндө окуюн деп чечтим.

Умиджан Идрисов: Биринчи жолу 6 жыл мурда тапшыргам. Ошондо 224 балл алып, “Алтын сертификатка” ээ болгом. Түркияга жогорку окуу жайга өткөм, 2 жыл окуп, ошол жерде иштеп калгам. Тилекке каршы, окуумду аяктай албай калдым. Азыр окууну улантып, максаттарыма жетүүнү туура көрдүм.

Умиджан Идрисов президент Сооронбай Жээнбековдон «Алтын сертификат» алып жаткан учуру. 2020-жыл

-Кайсы окуу жайга жана кайсы факультетке тапшырасыз? Чет өлкөгө тапшырайын деген оюңуз барбы?

Умиджан Идрисов: Кыргызстанда эле окугум келет, ушул жакта калып окууну туура көрөм. «Манас» университетине тапшырууну каалап жатам, бирок АУЦА менен дагы байланышым бар. Мурда компьютердик инженерияда окугам, азыр дагы IT тармагында окууну улантып, келечекте ушул багытта иштөө пландарым бар.

-Канча убакыт даярдандыңыз?

Умиджан Идрисов: 11-класста жакшы даярданган болчумун. Көбүнчө кыргыз тилдин грамматикасына басым жасагам. Быйыл болсо такыр даярданган жокмун, жөн гана караштырып, кайталап койгом. А бирок 11-класстан бери даярданган эмесмин.

-6 жыл мурда жана быйыл ЖРТ тапшырганда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болдубу?

Умиджан Идрисов: Ооба, өзгөрүүлөр болду. Мен 6 жыл мурда тестке киргенде, суроолор жеңил болчу, азыр болсо оорураак жана суроолор дагы тапшырмалар дагы өзгөрүптүр. Көп нерсени унутуп калганымды түшүндүм.

-Эки жолу тең жогорку балл алганыңыздын сыры же себеби эмнеде?

Сабырбек Маликов: Мен эки жолу тең “Алтын сертификатка” жеткенимдин сыры бул менин мугалимдеримдин талыкпаган эмгеги. Баткен облусунда, Кадамжай мектеп-лицейинде окуп жатканда кыргыз тилин берген Гульзара деген эжей бизге 10-класстан баштап ЖРТга даярдык баштаган. 17 жылдан бери ЖРТ боюнча иштеп келген эжейибиздин тажрыйбасы өтө чоң. Ошондуктан бизге билим берип, тест жөнүндө маалыматтарды топтоп берип, сыноо тесттерин дагы иштеп чыгарган бизге аябай чоң жардам болду. Ошол эле учурда мамематикадан даярдаган мугалимдерибиздин түшүндүрүү методу башка болуп бизге таасирин тийгизди. Мен башка эле окуучулар барып ушул мугалимдердин колунан тарбия, билим алса, анда алар деле ушундай сыйлыкка ээ боло алат деп ойлойм. Менин ийгилигимдин сыры —  бул менин мугалимдерим.

Сабырбек Маликов президент Сооронбай Жээнбековдон «Алтын сертификат» алып жаткан учуру. 2019-жыл

Умиджан Идрисов: Бул нерсенин кандайдыр бир сыры жок. Мугалимдердин жардамы, мектеп убактысында берген билимим менен ушуга жеттим жана ата-энемдин колдоосу дагы себеп болду.

-Эми ЖРТ тапшыргандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Умиджан Идрисов: Жаштарга китеп көп окугула деген кеңеш берет элем. Анткени китеп көп окуган адам ЖРТны оңой эле жазат. Себеби ЖРТ бул практика, теория эмес. Өзгөчө 10-11-класста окууга көп убакыт бөлүш керек. Канчалык даярдыкты эрте баштасаңар, ошончолук жакшы. Математика, алгебра сабактарын өнүктүргүлө, анткени логикаңар жакшы болсо, анда ЖРТны тапшыруу оңой жана ийгиликтүү болот. Дагы сканворд менен кроссворд толтургула, бул дагы аябай пайдалуу нерсе жана судоку деген оюнду ойногула деген кеңеш берет элем.

Умиджан Идрисов президент Алмазбек Атамбаевден «Алтын сертификат» алып жаткан учуру. 2014-жыл

Маектешкен: Айдина Маматисаева

Copyright © 2017 Maral FM