Биз менен байланышыңыз

Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректорлугуна кайра келдиби?

Кыска кабар | 23 Дек 2021 | 815 | 1

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон буйрук менен 10-ноябрда кызматынан бошотулган. Бул маалымат Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланган.

Ага чейин ректор ишинен убактылуу гана четтетилгенин, Билим берүү жана илим министрлиги атайын комиссия түзүп, ишти карап жатканын окуу жайдын мугалимдери «Фейсбук» аркылуу маалымдашкан.

Кожобековду кызматтан алуунун себеби катары президент Садыр Жапаров ушул жылдын 1-ноябрында кол койгон №512 «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткарбаганы көрсөтүлгөн.

Буйрук Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда берген № 1125 чечим-сунушунун негизинде чыккан.

Бүгүн, 23-декабрда окуу жайдын басма сөз кызматкери Мелис Маматжанов «Фейсбук» баракчасына ОшМУнун мыкты студенттерине жыл сайын берилип келген 1200 доллар жылдык стипендияны быйыл 10 студент алганын жазды. Сүрөттөн байкалгандай, ОшМУнун ректору графасына Кудайберди Кожобековдун аты жазылып, колу коюлган.

Бул маалыматты тактоо үчүн Ош мамлекеттик университетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Медербек Ниязалиевге кайрылганыбызда, ал:

«Мен тактап берейинчи, азыр жумуштан чыгып кеттим эле. Мен азыр рулда бара жаттым эле, тактап берейинчи, буга чейин деле сурап жатышкан. Мен чынын айтканда, кандай чечим болгонун билбейм. Азыр адашып маалымат берип албайын», — деп жооп берди.

Бул боюнча Билим берүү министрлиги расмий маалымат бере элек, байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин 21-декабрда саат 9:00дө Ош мамлекеттик университетинин окумуштуулар кеңешинин кезексиз жыйыны өткөн. Анда ректордун кызмат орду каралган. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев да катышканы айтылган.

Жыйындын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин ректорлугуна көрсөтүлгөн Кудайберди Кожобеков ОшМУнун келечек кадамы боюнча стратегиялык программасын сунуштаган, бирок маселе толук чечилбей калган.

Copyright © 2017 Maral FM