Биз менен байланышыңыз

Кытайдын төрагасы Орусияга расмий иш сапары менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 523 | 0

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусияга расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу РИА Новости агентиги билдирди.

Лидердин самолёту «Внуково-2» аэропортуна жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.00дө конду.

Конокту Алыскы Чыгыштын Өнүктүрүү министри Александр Козлов, Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Игорь Моргулов, Кытайдын Орусиядагы элчиси Ли Хуэй, Орусиянян Кытайдагы элчиси Андрей Денисов тосуп алышты.

5-7-июнга чейин боло турчу Си Цзиньпиндин визити, анын өткөн жылдын март айында Кытайга төрага болуп шайлангандан кийинки биринчи сапары болуп саналат.

Си Цзиньпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, анда энергетика, биргелешен учак жана тик учак өндүрүү долбоору, экономикалык мамиленин абалы, космос, инфраструктура жана Корей жарым аралындагы абал боюнча сүлөшмөкчү.

Визиттин жүрүшүндө эки өлкө лидерлеринин 30дан ашык документке кол коюусу күтүлүүдө.

Си Цзиньпин ошондой эле Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумга ардактуу конок катары катышат жана пленардык жыйынында чыгып сүйлөөсү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM