Биз менен байланышыңыз

АКШ элчиси Дональд Лу жамааты менен кыргызстандыктарды өзгөчө куттуктады [видео]

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 623 | 0

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана элчиликтин жамааты Орозо айт майрамына карата Кыргызстандагы мусулмандарды куттуктады.

АКШ элчилигинин эмгек жамаатынын кыргыз тилинде куттуктаганы, анан дагы элчиликтин кызматкерлери кыргыздын улуттук баш кийими калпак кийип алышканы кыргыз коомчулугун сүйүндүрдү. АКШлыктардын бул кадамы социалдык тармактарда алкоого алынып жатат.

Кыргызстандык көпчүлүк фейсбук колдонуучулар буга ыраазычылыгын айтышып, жылуу кабыл алышууда.

Copyright © 2017 Maral FM