Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кредит алгандардын саны дагы өстү

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 686 | 0

Ушул жылдын I кварталында өлкө боюнча 134 миң адам микронасыя алган. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 36 пайызга көп. Жалпы алынган насыянын суммасы 6,2 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ош облусунун тургундары микронасыяны эң көп алган аймак болуп эсептелинди. Алар 1.3 млрд. сом насыя алган. Андан кийинки орунда 1,2 млрд. сом алган Бишкек шаары турат. Ошондой эле, көп насыя алгандардын катарына Жалал-Абад (907 млн. сом) жана Чүй облустары (850 млн. сом) кошулду.

Жылдын биринчи кварталында 6-12 айга чейинки мөөнөткө насыя алгандар көп катталды. Микронасыянын 37 %ы айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн берилген. Ошондой эле, керектөөчүлөрдүн муктаждыктары үчүн 22 % жана соода жана коомдук тамактанууга 13 % насыя берилген.

Copyright © 2017 Maral FM