Биз менен байланышыңыз

УКМК күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз алып кирүү каналдарына бөгөт койду

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 386 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Казакстандан күйүүчү майдын мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады. Мындан улам, аталган кызмат мыйзамсыз май ташыган каналдарга бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Мындай көрүнүш 31-майда мурда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн иш-чаралардын жыйынтыгында келип чыккан.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө Кант темир жол станциясынан эки цистерна, жалпы көлөмү 120 тонналык күйүүчү жана майлоочу май кармалды.

Такталгандай, аталган кылмыштык схеманын түзүүчүлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына 2000 тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу май мыйзамсыз киргизилген.

Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM