Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Парламенттин ишине баа берген форум өтөт

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 382 | 0

6-7-июнь күндөрү «Парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн мониторинг жүргүзүү жана баа берүү» аталышындагы Евразия чөлкөмүндөгү депутаттардын аймактык форуму өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Форумдун алкагында парламенттин ишин жакшыртуу, анын ичинен колдонуудагы мыйзамдарга карата улуттук мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасын киргизүү маселелери талкууга алынат. Ошондой эле, бул жааттагы парламенттин, Өкмөттүн, жарандык коомдордун өз ара байланышы боюнча пикир алмашуу болот.

Бишкектеги «Park Hotel» мейманканасында өтүүчү иш-чарага Жогорку Кеңештин жана бир катар өлкөлөрдүн парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү менен тармактык серепчилер катышат.

Отурум саат 09:00дө башталып, темага тиешелүү сессиялар менен уланат.

Copyright © 2017 Maral FM