Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Панфилов мектеп-интернатына 225 миң сом белек берди

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 479 | 0

Казыбек Тилебалдиев атындагы Панфилов мектеп-интернатына Тышкы иштер министри 150 комплект мектеп формасын сатып алуу үчүн 225 миң сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, Чыңгыз Айдарбеков Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборунда өткөн кайрымдуулук өнөктүгүнө барды. Иш-чаранын жүрүшүндө, борбордун жетекчилигине 69 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Аталган борбордо төрөлгөндөн баштап 4 жашка чейинки жетим балдар жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Аталган суммалар Кыргызстанда уруксат берилген дипломатиялык корпустун демөөрчүлүк каражаттарынан чогултулган.

 

Copyright © 2017 Maral FM