Биз менен байланышыңыз

«Парламенттин «чимкирик» атка конгонунун да чоң окуясы бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 567 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын баамында, кийинки парламенттик шайлоого буту менен басып, мурду менен тынгандын баары катышууга кызыкдар. Бул тууралуу эл өкүлү «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Бирок Мусабекова азырынча 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого катышуу тууралуу ойлоно электигин айтты.

«Менде чача турган акчам да жок. Мен парламентке келүү үчүн каражат да берген эмесмин. Парламенттин «чимкирик» деген атка конуусунун да чоң окуясы бар. Анткени, парламентте мандат үчүн ыйлагандарды көрдүк.  Айрымдар мени депутаттыктан түшкөн соң көрөбүз дейт экен. Менин акылым, билимим бар, талаада калбайм. 2010-жылга чейин эле чоң турак жайда жашачумун. 2015-жылы депутат болуп келгенден бери 3 ай бою миграция, адам сатуу, кулчулук маселеси боюнча долбоорлордун алкагында райондорду кыдырдым. Өз жакынымдын тоюн таштап, эл менен жолугушууга кеткен күндөр да болот. Бирөөнө жагынып, корко турган эч нерсем жок», — дейт Мусабекова.

Ал мындан сырткары, социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу экенин, эл менен тыгыз иштешерин белгиледи. Ал эми атайын чакырылууларга келбей калышынын себебин убакыттын тардыгы менен байланыштырды.

«Мен социалдык тармактар аркылуу берилген 10 суроого жооп берүүгө убактым жок. 18 жыл «Асаба» гезитинде иштегем. Ак үй-көк үйдүн интригасын өздөштүрө алган жокмун. Алар топ-топ болуп жүрүшөт экен», — дейт Мусабекова.

Copyright © 2017 Maral FM