Биз менен байланышыңыз

Кытайдан 30 млн юанга техникалык жардам келди

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 658 | 0

Бүгүн, 3-июнда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытайдан кайтарымсыз негизде берилген автобус, кичи автобус, жолунаа, брондолгон полициялык автоунааларды карап чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин жетекчилиги тарабынан өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматы жана наамына жараша маалыматтардын ылайыктыгы боюнча кызматтык документтердин, күбөлүктөрдүн, жеке номурлар менен төш белгилердин, жетондордун бардыгы текшерилди.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн белгиледи.

Эске салсак, ушул жылдын май айында Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Чжао Кечжи эки тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында Кыргызстандын Ички иштер министрлигине 30 миллион юандык кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM