Биз менен байланышыңыз

Чоң-Капкадан дагы бир аткезчи кармалды

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 380 | 0

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 650 литрден ашык күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү  кабарлады.

Көзөмөл өткөрүү бекетиндеги кезектеги текшерүү учурунда бир автоунаадан техникалык мүнөздөмөсүндө көрсөтүлбөгөн кошумча бак табылып, анда күйүүчү май бар экени аныкталган.

Документтерине шайкеш келбеген жүк Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM