Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча Жобо бекитилди

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 400 | 0

Өкмөт мамлекеттик инвестицияларды башкаруунун Жобосун бекитти. Буга байланышкан токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Документ мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун даярдоо, ишке ашыруу жана мониторинг жасоо процесстерин жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Аталган Жобо аткаруу агенттиктери, ыйгарым укуктуу органдар жана кызыкдар тараптар үчүн мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун демилгелөө, тандоо, бекитүү жана ишке ашыруунун макулдашылган бирдиктүү тутуму болуп саналат.

Жобо мамлекеттик инвестицияларды башкаруу процессиндеги ченемдик боштукту жаап, Кыргыз Республикасынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосунда түзүлгөн каржылоо жөнүндө келишимдерде камтылган жөнгө салууну толуктайт.

Өкмөт өлкөнүн өнүгүүсүндө тышкы жардам маанилүү факторлордун бири экенин белгилейт.

Тышкы каржылык жардам экономиканын ар кыл тармактарындагы, анын ичинде билим берүү, саламаттыкты сактоо, транспорт чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталары билдирүүдө айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM