Биз менен байланышыңыз

Улуттук Банктын төрагасы 700 миллион доллар боюнча үн катты

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 427 | 0

Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында «Азаттык» иликтеген 700 млн доллар боюнча депутат Кубанычбек Нурматовдун берген суроолоруна жооп берди.

Ал өз жообунда транзакция банктар аркылуу жүргүзүлгөнүн, ошол себептүү алуучу жана которуучу жак да кылдат текшерилерин айтты. Ошондой эле, окуядагы бир канча жагдайга басым жасады.

«Транзакция банк аркылуу болгон. Демек, бул — банк системасы Бишкекте эле эмес, аймактарда да иштейт, жарандар алыскы аймактардан да эл аралык которууларды жүргүзө алат дегендик. Бул — жакшы көрүнүш. Экинчиден, Кыргызстан — көз карандысыз өлкө. Ошондуктан, мыйзамсыз акчаларды адалдоого каршы бир канча милдеттерди өзүнө алат. Ал боюнча атайын ченемдер бар. Кардар акча которуу боюнча банкка кайрылса, сөзсүз кылдат текшерилет. Бир да транзакция тастыкталган документсиз жүргүзүлбөйт. Келишим түзүлөт, которулган даректер көрсөтүлөт.  Эл аралык транзакция жүргүзүлгөн болсо, демек, ал коммерциялык банктардын жана алуучу жактардын бардык текшерүүлөрүнөн өткөн», — деди Толкунбек Абдыгулов.

Мындан тышкары, эгерде акчаларды адалдоо аракеттери болсо, төлөм блоктолорун же кайра кайтарыларын кошумчалады.

Мыйзамсыз акчаларды адалдоого шек жаралса, банк тиешелүү органдарга жиберет.

Мындай билдирүүлөр өлкө ичинде эле эмес, чет өлкөлөрдө да коомчулуктун көзөмөлүндө болот. Ошондуктан, маалыматтар өлкөнүн банк системасына доо кетирбеши керектигин айтты.

Депутат Кубанычбек Нурматов Матраимовдор тууралуу сөз болгондуктан, бул боюнча иликтөө жүргүзүп, толук маалымат берүүнү өтүндү.

Copyright © 2017 Maral FM