Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк экономиканы колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөргөн

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 458 | 0

Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоо максатында жана коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам экономикага тийгизген терс кесепеттерди жумшартуу максатында кредиттик аукциондорду активдүү өткөргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн брифинг учурунда билдирди.

Кредиттик аукциондор региондордун өнүгүшүн колдоо, банктар сыяктуу эле банк эмес финансы-кредит уюмдары аркылуу жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылуу, ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо» жана «Ишкердик субъекттерди каржылоо» мамлекеттик программаларын жүзөгө ашыруу максатында өткөрүлүп турат.

2020-жылдын башынан тартып Улуттук банк кредиттик аукциондор аркылуу 35,0 млрд сом сунуш кылган, мында банктар ушул аукциондордун жыйынтыгы боюнча 3,5 млрд сом алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM