Биз менен байланышыңыз

Алжир: Талапкердин жоктугунан президенттик шайлоо өтпөй калды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 667 | 0

Алжир өлкөсүндө 4-июлга белгиленген президенттик шайлоо өтпөй турган болду. Бул тууралуу France 24 басылмасы кабарлады.

Алжир БШКнын берген маалыматына караганда, мындай чечимге келүүгө талапкерлердин жоктугу себеп болгон. Буга чейин Конституциялык кеңешке арыз берген эки талапкердин документтери жараксыз деп табылган.

Алжирдин 82 жаштагы президенти Абдель Азиз Бутефлик мөөнөтүнөн мурда отставкага кетип, өлкө саясий кризиске кабылган. Ал учурда өлкөнү убактылуу башкарып турат.

Эске сала кетсек, Алжир президенти Абдель Азиз Бутефлик массалык көтөрүлүштөн улам кызматынан кетмей болду. Ал 2-апрелде ишин тапшырып жатып, элинен кечирим сураган.

Copyright © 2017 Maral FM