Биз менен байланышыңыз

Карасартова: Президенттин тууганы иштебесин деген эреже жок

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 571 | 0

Президенттин туугандары мамлекеттик кызматта иштебесин деген эреже жок. Бирок парламенттеги фракциялар сунуштаган талапкерлерди тандоо ачык-айкын жүрүп, алардын программасы элге көрсөтүлүшү керек. Мындай пикирин жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Талапкерлердин мыктысы тандалып, программасы тааныштырылса, элдин да талап кылуусуна мүмкүнчүлүк болмок. Ачык-айкындуулук болмоюнча, кандай жол менен келсе да, туугандык байланыш аркылуу кызматка орношту деген ой туула берет», — дейт Карасартова.

Copyright © 2017 Maral FM