Биз менен байланышыңыз

Айт намаз убагында айрым көчөлөрдө жол кыймылы чектелет

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 432 | 0

5-июнь күнү Эски аянтта окулуучу Айт намазга байланыштуу Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖКККБ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, унаа кыймылына чектөөлөр Чүй проспектинин Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү намаз бүткөнчө жабылат.

ЖКККБ коомчулукту түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM