Биз менен байланышыңыз

ШКУ: Бишкектеги кайсы көчөлөр жабылат?

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 719 | 0

Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда бир топ көчөлөр жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын маалыматында караганда, 12-14-июнь күндөрү «Манас» эл аралык аэропортунан тарта Фучик көчөсүнүн Жибек-Жолуна чейинки бөлүгү тосулат.

Мындан тышкары төмөнкү көчөлөрдө жол кыймылы чектелет:

-Жибек-Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;

-Жаш Гвардия бульвары Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;

-Чүй проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Манас проспектисине чейинки бөлүгү;

-Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектисинен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейин.

Copyright © 2017 Maral FM