Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммити учурунда айрым көчөлөрдө жол кыймылы чектелет

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 628 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда 12-15-июнь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кабарлады.

Анын айтымында, Чүй облусунун да айрым көчөлөрүндөрү кыймылдар чектелет. Саммитике келген коноктор өткөн учурда Бишкек — «Манас» аэропорту жолундагы кыймыл токтотулат.

Коопсуздукка байланыштуу кайсыл көчөлөр тосулары алдын ала айтылбай турганын ЖКККББ белгилейт. Иш-чара учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн миңге жакын кызматкер тартылат.

«Жол кыймылдары убактылуу чектелет. Кыймыл жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жөнгө салынат. Тосулган жолдордо «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары эреже бузууларды каттоого албайт. Учурдан пайдаланып унаа ээлерине эскертүү катары айтып кетемин. Жол четине туура эмес жайга токтотулган жана кароосуз калган автоунааларды жүктөп кетүү үчүн 12 эвакуатор иштейт”, — деди Азамат Исраилов.

Эске салсак, 13-14-июнда Бишкек шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM