Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммитин өткөрүүгө кеткен чыгымды толтурууга Кытай көмөкчү болот

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 543 | 0

Кытай Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүүгө кетирген чыгымын төлөп берүү үчүн 6.76 млн АКШ доллар каражат бөлөт.

Буга байланыштуу Экономика министрлигинде каржылык макулдашуу боюнча Өкмөттөр аралык кат алмашуу иш-чарасы өттү.

Кыргыз Өкмөтүнүн атынан макулдашууга Экономика министри Санжар Муканбетов кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Ал эми Кытай тараптан Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн айым кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM