Биз менен байланышыңыз

«Унааларды бажыдан арзан өткөрүүнү узартууга мүмкүнчүлүгүбүз бар»

Кыска кабар | 10 Окт 2019 | 690 | 0

ЕАЭБдин алкагында 2 жыл мурун башталган автопаркты оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 11-октябрдагы жыйынында Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

«Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында автопаркты жаңылаганга 2 жылдык мүмкүнчүлүк алган элек, ал ушул жылдын 31-декабрында бүтөт. Бирок, бизде ЕАЭБге мөөнөтүн узартууга кайрылганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Учурда консультация жүрүп жатат. Еразия Экономикалык Биримдиги ар бир мамлекет өзүнүн унаа өндүрүшүн колдогонго багытталган өзүнчө базар болуп калды. Ошонун алкагында аябай чоң суроолор болуп жатат. Биз учурда Өкмөттө кеңешме жүргүзүп жатабыз», — деди министр.

Эске салсак, Мамлекетик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташылып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйө турганын билдирген болчу.


Унаалардын бажы төлөмү эмне себептен кымбаттайт? Түшүндүрмөсү 


 

Copyright © 2017 Maral FM