Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Кыргызстан Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет

Кыска кабар | 20 Окт 2019 | 642 | 0

Кыргызстан Кытай менен эки тараптуу мамилелерди туруктуу өнүктүрүүгө чоң маани берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кытайдын 13-чакырылыштагы Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңешинин туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ менен эки тараптуу жолугушуу учурунда билдирди.

«Учурда эки өлкөнүн кызматташтыгы болуп көрбөгондөй жогорку деңгээлге жетти. Эки мамлекеттин башчылары тыгыз жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой жылуу достук мамиледе», — деди Замирбек Аскаров.

Кытайдын 13-чакырылыштагы Бүткүл Кытай эл өкүлдөрү кеңешинин туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ эки тараптуу алака жогорку деңгээлге чыкканын кошумчалады.

«Чындыгында, бардык деңгээлдеги эки тараптуу ымала активдешүүдө. Кытай тарап «Бир алкак, бир жол» демилгесин биргеликте жүзөгө ашырууга мындан ары да жардам болооруна ишеним артат. Албетте, маданий-гуманитардык кызматташуу дагы да бекемделе берерине ишенбиз», — деп белгиледи Шэнь Юэюэ

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кытайдын негиздилгенине 70 жыл толгону менен куттуктады.

Copyright © 2017 Maral FM