Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Кыска кабар | 16 Фев 2020 | 654 | 0

Кыргызстандын аймагына коронавирустун келүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

15-февралга карата өлкөдө коронавирус чыккан учур катталган жок. Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тармактык багыттарда комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык чаралар кабыл алынды.

Зарыл болгон бардык шарты бар байкоо салуучу убактылуу жайлар уюштурулду. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири текшерүүдөн өткөрүлүүдө. Алар  анализдердин жыйынтыгы чыкканча байкоо салуучу убактылуу жайларга жайгаштырылып жатат. Бул иштер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы жарандарына алардын укугун коргоо жана саламаттыгына кам көрүү максатында тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү, кеңеш берүү иштерин улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM