Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолундагы убактылуу чектөөлөр алынды

Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 624 | 0

Бүгүн, 21-октябрь күнү эртең мененки саат 07:00дө Бишкек-Ош унаа жолундагы “Арал” жана “Сосновка” постторунда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында кечээ, 20-октябрь күнү саат 19:00дөн тартып Жайыл районунун “Сосновка” жана саат 20:00дөн тартып Токтогул районунун “Арал” постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM