Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Кырсыктар 30 %га азайды

Коом | 2 Июл 2019 | 991 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоору боюнча кеңешме өткөрүп, айдоочуларды нааразы кылган жагдайларды оңдоо керек экенин эскертти. Маалым болгондой, буга чейин укук коргоочу Акин Токталиев туура эмес коюлган жол белгилери үчүн айып салынганын айтып, соттошууга чейин барган. Өкмөт башчы ушул сыяктуу жагдайларды эске алып, туура эмес коюлган белгилерди алмаштыруу тапшырмасын берди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов учурда бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

— Жол чиймелеринин орнотулушу боюнча тапшырма берилди. Анткени, маалым болгондой Акин Токталиевдин видеосу тараган. «Ошол боюнча тактап бергиле», — деди. Биз соттун чечимин да алдык. Ал жерде жол белгилерин жокко чыгаруу боюнча айтылган эмес, бирок ошол эле учурда инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча маселелер бар.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы 12-майдан баштап толук иштеп баштаган. Биринчи этаптын алкагында 110 комплекс орнотулуп, алардын 20сы көчмө аппараттар болгон. Ал эми экинчи этапты толугу менен ишке ашыруу кийинки жылга мерчемделүүдө. Азыркы тапта комиссия келген арыздарды карап, 12-июлга чейин жыйынтыгын чыгарат. Бул боюнча долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башкы адиси Элнура Жээнбаева билдирди.

— 27-июнда Мамлекеттик сатып алуулар расмий порталындагы кайрылуулар ачылды. Маалыматка ылайык, ага 4 компания арыз берген. Азыркы учурда сынактык комиссия карап жатат. Алдын ала тандоодон өткөн компаниялар 2-турга катышат, андан кийин бааларын сунуштап башташат.

Бул долбоор биринчи этапта Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында  ишке ашкандан бери статистикалык маалыматтарга ылайык, жол кырсыктары азайган. Маселен, Бишкек шаарында 44 %га, Чүйдө 30 %га азайган. Муну менен катар кылмыштуулуктун көрсөткүчү да төмөндөгөн.  Ошондуктан, бул долбоор жакшы көрсөткүч берип жаткандыгын  «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин жетекчиси Чынара Касмамбетова айтат. Бирок жарандык коом буга чейин белгилеп жаткан кемчиликтерди оңдоого негиз бар дейт. Экинчи этаптын ишке ашышында бул кемчиликтерге жол берилбеши керектигин белгилейт.

— Бишкек шаарында бул долбоор иштеп баштагандан бери биринчи күндөн эле айдоочулар тартипке келгенин байкоого болот. Кырсыктар азайды. Бирок ошол эле учурда айрым маселелер да бар. Бишкекте долбоорду ишке ашыруу пилоттук негизде болсо, анда экинчи этапта аларды эске алуу керек. Кемчиликтерди кайталабоо зарыл.

Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы республикалык маанидеги эки шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды жана 73 калктуу пункту камтыйт. Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин берген маалыматы боюнча, жалпысынан  306 аппараттык-программалык комплекс орнотулат.

Copyright © 2017 Maral FM