Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммитинин алдында Орусия Кыргызстанга техникалык жардам көрсөттү

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 598 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюумунун саммитине даярдыктын алкагында Кыргызстан Орусиядан техникалык жардам алды.

Бул тууралуу Президенттин жана Өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысы Турдуназир Бекбоев билдирди.

«Орусия Кыргызстанга техникалык колдоо көрсөттү. «КАВЗ» үлгүсүндөгү 10 автобус, «Форд Фокус» үлгүсүндөгү 30 жеңил унаа, 20 «Форд Мондео», брондолгон 6 «Мерседес-Бенц» унаасын алып келдик», — деди ал.

Бекбоев алып келинген унаалар саммиттен кийин иш башкармалыктын балансында каларын кошумчалады.

Турдуназир Бекбоев бул жардамы үчүн Орусия өлкөсүнүн жетекчилигине ыраазычылык айтты.

Copyright © 2017 Maral FM